Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Ирактык күрттөр референдум маселеси боюнча атайын кеңеш түздү


Ирактын Күрт автоном аймагынын лидери Масуд Барзани.
Ирактын Күрт автоном аймагынын лидери Масуд Барзани.

Ирактын Күрт автоном аймагынын лидерлери 25-сентябрдагы талаштуу референдумдун маселелери менен алектене турган саясий кеңеш түздү. Мындай чечим 1-октябрда автономдук аймактын лидери Масуд Барзанинин жетеги менен Эрбил шаарында өткөн жыйында кабыл алынганын күрттөрдүн "Рудав" жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Бул кеңеш референдумдун жыйынтыгы боюнча расмий Багдад жана чет мамлекеттер менен диалог түзүүнү көздөйт.

Ирак бийлигинин жана Түркия менен Ирандын каршылыгына карабай өткөрүлгөн референдумда 3,3 миллион шайлоочунун 95 пайызы көз карандысыздыкты колдошкон. Күртстан мамлекетин түзүү боюнча референдум жыйынтыгын АКШда четке каккан.

XS
SM
MD
LG