Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Жумакадыров: айрым саясатчылар криминалды өз кызыкчылыгына пайдаланууда


Темир Жумакадыров.
Темир Жумакадыров.

Бул тууралуу коргоо, коопсуздук, чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 2-октябрда "Азаттык" радиосуна курган маегинде билдирди. Анын айтымында, 2010-жылга чейин жана андан мурдагы мезгилге салыштырмалуу учурда кылмыштуу топторго каршы укук коргоо органдары жүргүзгөн иш-аракеттер жакшы натыйжа берди:

- Бүгүнкү күндө бул багытта андай чоң маселе жок. Тилекке каршы, биздин кээ бир саясатчыларыбыз уюшкан кылмыштуу топтордун айрым өкүлдөрүн саясат жакка буруп, өзүнүн кандайдыр бир жеке кызыкчылыгына колдонууга аракеттенип жатканы ачыкка чыгып калды. Ошого карабастан азыр уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү процесси жетиштүү эле деңгээлде. Бул маселеге Башкы прокуратура өз баасын берди. Ушундан улам биз өзүбүз, укук коргоо органдарынын иши үчүн да жыйынтык чыгарып, иш алып барабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев "уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн колдонуу менен президенттик шайлоодон соң башаламандык уюштурууну пландаган" деген шек менен 30-октябрда УКМКнын Тергөө абагына камакка алынган. Бүгүн ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө камакта калды. Исаевдин акыркы кездеги саясий пикирлеши, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов муну өзүнө каршы аракет катары баалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, шайлоо алдында туруктуулукка шек келтирген кадамдар жазаланарын эскертти. Депутаттын жакындары анын камалышын "саясий куугунтук" деп сыпаттап жатышат. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG