Жарылуу, жергиликтүү бийликтер кабарлагандай, бүгүн өлкөнүн түштүк-чыгышында, Иран менен чек арага жакын жерде болду.
Бомба аскерлер бара жаткан автоунаанын жолунда жарылып, андан дагы төрт жоокер жараат алган.
Хаккари провинциясынын губернаторунун кеңсеси тараткан билдирүүдө кол салуу үчүн Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери жоопкер экени айтылат.
Түркия менен катар АКШ, Евробиримдик да террордук уюм катары санаган Күрт жумушчу партиясы менен өкмөттүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү акыркы ирет 2015-жылы июлда кыйраган эле.
Андан бери өлкөнүн негизинен күрттөр жашаган түштүк-чыгышында кайра жанданган уруштардан миңдеген кишинин өмүрү кыйылды. (UE)