Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

Чолпон-Атада 22 жаштагы келин үч эм төрөдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Чолпон Мансурова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарынын тургуну 22 жаштагы Таалай кызы Канышай айына жетпей, операция жолу менен төрөгөн. Ымыркайлардын экөө кыз (салмактары 1,9 кг), бири уул (салмагы 1,6 кг).

- Ымыркайлар Караколдогу облустук ооруканага жөнөтүлгөн. Ал жерде кароодо болушат. Энесинин абалы канааттандырарлык, азыр жандандыруу бөлүмүндө. Эки күндөн кийин ымыркайларынын жанына Караколго жеткирилет, - дейт Мансурова.

Канышай 25 жаштагы жолдошу Искен Койгелдиев менен Чолпон-Ата шаарында турушат. Жубайлар мындан бир жыл мурун баш кошушкан. (AsM)

XS
SM
MD
LG