Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:05

Рысалиев: Мен мыйзамдуу мандатымды алдым


Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

"Республика Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алган Зарылбек Рысалиев парламенттик шайлоодо алган добушуна жараша, мыйзамдуу мандатына ээ болгонун "Азаттыкка" билдирди. Ал эки жыл күтүп, кезеги жеткенде депутат болуп отурганын белгилеп, буга партия жана фракция лидери менен пикирлеш болбогону тоскоол боло албайт деп билдирди:

- Мен сөзсүз түрдө эле лидер менен пикирим келишүүсү мүмкүн эмес. Бир маселе боюнча келишпесе, экинчи маселе боюнча келишип калышы мүмкүн. Мен парламенттик шайлоодо лидердин добушун уурдап алган жокмун. Элдин берген добушу менен алдыңкы добуштарды алдым. Эки жылдан ашуун күтүп, кезегим келди, депутат болуп отурам. Мыйзамдуу мандатымды алдым.

Зарылбек Рысалиев "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Нургазы Нишановдун ордуна келди.

Нургазы Нишанов "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалган.

"Республика Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алган Зарылбек Рысалиев президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдорун ачык билдирип, анын үгүт иштерине активдүү катышып келе жатканы менен белгилүү.

Зарылбек Рысалиев мурда ички иштер министри болгон жана Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган. 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Республика Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен катышып, айрым талапкерлердин тизмеден "күчтөп" чыгарылганына байланыштуу, 66-орундан 25-орунга жылган.

Зарылбек Рысалиев ички иштер министри болуп турган учурда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди мародерчулук боюнча айыптап чыккан.

Кыргызстандык кылмыш төбөлү, 16 жылга кесилген Азиз Батукаев Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматын жетектеп турган учурда, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен.(KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG