Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Президент Атамбаев баштаган делегация Ташкентке барды


Президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык делегацияны Ташкент аэропортунан өзбек президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, аэропорттогу расмий тосуп алуу иш-чараларынан кийин президент Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги "Эгемендик жана гуманизм" монументине гүл койду.

Андан кийин эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Учурда президенттер өнөр жай товарлары жана азык-түлүктөр менен таанышууда.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары эки күнгө созулат. Сапар алкагында эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири курамдагы кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшөт.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу боюнча протоколго кол коюлат. Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек достугун, жакшы коңшулукту жана ишенимди чыңдоо жөнүндө декларацияга кол коюшат.

Сапардын жыйынтыгында коопсуздук, коргоо, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү тармагында өз ара аракеттенишүүгө, товарларды жана жүктөрдү ташууда бажы операцияларын ишке ашыруу, статмаалыматтар менен алмашуу тартибине тиешелүү эки тараптуу документтердин пакетине, ошондой эле чек аралары чектеш райондор, маалыматтык агенттиктер ортосунда макулдашууларга кол коюлары кабарланган.(KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG