Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Макрон Ирак менен Күртстанга ортомчу болууну сунуштады


Хайдар ал-Абади жана Эммануэль Макрон
Хайдар ал-Абади жана Эммануэль Макрон

Франция президенти Эммануэль Макрон Ирак өкмөтү менен бул өлкөдөгү көз карандысыздыкка умтулуп жаткан күрттөр ортосунда ортомчу болууну сунуштады.

Сунуш 5-октябрда Парижде, Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади менен жолугушкандан кийин айтылды. Анда тараптар терроризмге каршы күрөш жана Ирак экономикасын колдоо маселелерин талкуулашкан.

Макрон Ирактагы туруктуулук менен аймактык бүтүндүктү колдоорун, ал эми референдумдан кийинки күрттөрдүн жагдайына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ал диалог жалгыз жол деп, Франция ортомчулук кылууга даяр экенин белгиледи.

25-сентябрда Күртсан автономиясында референдум өткөн. Ага катышкандардын 92,7 пайызы өз алдынча мамлекет болууну колдогон. Ирак өкмөтү референдумга каршы чыгып, жокко чыгарууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG