Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Сапар Исаков жол курулушу менен таанышты


Сооронбай Жээнбеков Түндүк-Түштүк кошумча жолунун курулушу менен таанышууда. 30-июнь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Түндүк-Түштүк кошумча жолунун курулушу менен таанышууда. 30-июнь, 2017-жыл.

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облусуна жасаган иш сапарында Түндүк-Түштүк автожолунун экинчи фазасынын курулушу менен таанышып, курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды. Өкмөт башчы жолду белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирбей, бүтүрүүнү да милдеттендирди.

Ош-Бишкек жолуна альтернативалуу Түндүк-Түштүк автожолунун экинчи фазасынын узундугу 96 чакырым. Жолдун курулушу 2015-жылы августта башталган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин жол курулушунун 38% аяктаган. Ушул тапта жолдогу узундугу 416 метрлик үч көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Долбоор боюнча альтернативдүү жолдо узундугу 1,5 чакырымды түзгөн эки эстакада көпүрө бар.

Премьер-министр Нарынга сапарында Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында курулушу токтоп калган мектепте да болду. Баш-Кууганды орто мектебинде 570 бала окуйт. Балдардын көптүгүнө байланыштуу эски мектептин жанына 1989-жылы жаңы мектептин курулушу башталып, ал эки жылдан кийин токтоп калган.

Өкмөт башчы жыл аягына чейин мектептин курулушун бүтүрүүнү тиешелүү тараптарга тапшырды.

Премьер-министр Сапар Исаков Нарынга иш сапары менен 5-октябрда барды.

XS
SM
MD
LG