Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү жерге берилет


Маркум Темир Жумакадыров.
Маркум Темир Жумакадыров.

Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн Бишкекте, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Сөөгү “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлат.

Буга чейин Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча өкмөттүн буйругу чыгып, уюштуруу комитети түзүлгөн, аны өкмөт башчы Сапар Исаков жетектеген.

Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрда таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен кагылышкан. Жол кырсыгынан үчөөнүн тең өмүрү кыйылды. Өкмөт алар Талас облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүү үчүн баратканын маалымдады.

Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келген. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган.

Жумакадыровдун артында үч кызы, Жамгырчиев менен Мукановдун артында бирден жаш балдары калды.

XS
SM
MD
LG