Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Өзбекстанда абактан оппозициячыл активист бошотулду


Өзбекстандык активист Агзам Тургунов.
Өзбекстандык активист Агзам Тургунов.

7-октябрда Өзбекстан бийлиги оппозициячыл активист Агзам Тургуновду эркиндикке чыгарды. Оппозициядагы "Эрк" демократиялык партиясынын активисти, каттоодон өтпөгөн "Мазлум" уюмунун башчысы Агзам Тургунов 2008-жылы "акча опузалаган" деген айып менен он жылга эркинен ажыратылган.

66 жаштагы Агзам Тургуновдун бошотулганы тууралуу алгач баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" деген уюмдун жетекчиси Надежда Атаева билдирди. Көп өтпөй Ташкенттеги укук коргоочу Абдурахман Ташанов өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына эркиндикке чыккан Тургунов менен кошо тартылган видеосун жарыялады.

Соңку бир апта ичинде Өзбекстанда саясий айып менен камалган үч адам абактан чыгарылды.

4-октябрда абакта тогуз жылдан ашуун убакыт отурган көз карандысыз журналист Солижон Абдурахманов эркиндикке чыккан.

АКШнын Өзбекстандагы элчилиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары абактагылардын бошотулушун кубатташкан билдирүү таратышты.

XS
SM
MD
LG