Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Жерүй: Курулуш өз маалында башталбаса, инвестор айыпка жыгылат


Жерүй
Жерүй

Кыргызстан Жерүй алтын кенинде курулуш иштери макулдашылган мөөнөттө башталбаса, анда инвестор айыпка жыгыларын эскертти. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” үналгысына Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рыспек Токтоналиев билдирди:

- Келишим боюнча (инвестор) ушул жылдын 28-ноябрынан кеч эмес куруу иштерин башташы керек. Эгерде алтын тазалаган фабриканы жана калдык сактоочу жай курууну баштабаса, анда 28-декабрдан тарта алар айыппул төлөшү керек болот.

Бүгүн айрым маалымат булактары орусиялык "Ведомости" интернет-ресурсуна шилтеме жасап, "Орус платинасы" компаниясы Жерүйдө курулуш иштерин эки жылдан кийин баштамай болгонун, бул үчүн ал эч кандай айыппул төлөбөстүгүн жазып чыгышкан болчу.

Токтоналиевдин белгилешинче, инвестор курулушту өз убагында баштабаса келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийинки ар бир ай үчүн 100 млн доллар төлөөгө милдеттүү болот.

Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени болгон Жерүй кени Таластын Бекмолдо айылынын аймагында жайгашкан. Буга чейин аталган кенди иштетүүгө бир катар чет мамлекеттик компаниялар лицензия алып, бирок жергиликтүү калктын каршылыгынан улам алтын казылбай келген.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык "Орус платинасы" компаниясына таандык “Восток геолдобыча” ишканасына тийген. Анын алдында "Алтын альянс" ишканасы түзүлгөн.

Кыргыз тараптын бүгүнкү билдирүүсүн инвестор комментарийлей элек. (RK)

XS
SM
MD
LG