Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Түркиядагы кыргызстандыктар шайлоого катышууга унаа менен камсыз болушат


15-октябрда Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарларында эки шайлоо участогу иштейт. Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги жана Стамбулдагы башкы консулдугу Түркиянын башка аймактарындагы кыргызстандыктарды шайлоого автобус менен алып келүүнү уюштуруп жатат.

Буга Анталия жана Бурса сыяктуу аймактардын жергиликтүү бийликтери колдоо көрсөтүп, бекер автобус менен камсыздандырган.

Түркиянын миграция кызматынын маалыматы боюнча бул өлкөдө убактылуу жашоо укугуна ээ 19 миң кыргызстандык бар. Алардын үч миңден ашууну кыргызстандык студенттер.

Стамбулда 751 шайлоочу, Анкарада 455 шайлоочу добуш берет.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, бул жолу чет өлкөлөрдө 37 шайлоо участогу ачылат, алардын экөө Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарларында жайгашат. (ElB)

XS
SM
MD
LG