Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Адахан Мадумаров: Өлкө башчылары үгүт ишине мынчалык киришкен эмес


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Мамлекет башчылыкка талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстандагы бул жолку президенттик шайлоонун өзгөчөлүгү деп өлкө жетекчилеринин үгүт иштерге мурда болуп көрбөгөндөй кийлигишкенин атоодо. Мындай пикирин Мадумаров бүгүн “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Эч качан мындай шайлоодо мамлекеттин башчысымын, өкмөттүн башчысымын деген кишилер желтамандай болуп мындай чимирилип жүргөн эмес. Өздөрү үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, мыйзамды бузуп, Конституцияны тебелеп, көз боёмочулук менен алектенип жатканы биздин тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Аябагандай катуу көз боёмочулук менен жүрүштү. Экөө тең. Административдик, акча-каражат ресурсу абдан катуу колдонулуп жатат.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев буга чейин эл менен жолукканда шайлоо таза жана демократиялуу жол менен өткөрүлүп, жарандардын добушун толугу менен ачык эсептөө камсыз болорун билдирген.​

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүүдө. 11 талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG