Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Кытай лидери Жээнбековду куттуктады


Си Цзинпин
Си Цзинпин

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, телеграмма жөнөттү. Бул тууралуу Жээнбековдун штабынан билдиришти.

Си Цзинпин өзүнүн катында Кытай менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш жана ынтымактуу коңшу мамлекет экенин белгилейт. “Дипломатиялык алакалар башталган 25 жылдан бери биздин мамлекеттер өлкөлөрдүн ортосунда мамилелер стабилдүү жана жемиштүү уланып келе жатат. Күн сайын саясий ишенимдерибиз тереңдеп, ар тараптуу кызматташуубуз артып, салттуу достугубуз бекемделип жатат”, - деп айтылат телеграммада.

Си Цзинпин ошондой эле кыргыз-кытай мамилесинин өнүгүүсүнө да көңүл бурулуп жатканын айтып, Кытайдын “Бир алкак, бир жол” программасынын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы саясий жана гуманитардык, коопсуздукту сактоо жаатында да кызматташууну арттырууга умтуларын билдирет. Соңунда ал Жээнбековдун президенттик ишине ийгилик каалап, ден соолук каалайт.

Сооронбай Жээнбековду президенттик жарыштан утуп чыгышы менен буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да куттуктаган. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев телефон аркылуу куттуктаганын Жээнбековдун штабынан кабарлашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG