Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Евробиримдик Каталония чатагына киришпейт


Каталония эгемендигин жактоочулардын митинги
Каталония эгемендигин жактоочулардын митинги

Бул тууралуу Евробиримдиктин башчысы Дональд Туск Брюсселдеги саммитте билдирди. Ал Евробиримдик Мадрид менен Барселонага ортомчу боло албасын баса белгиледи.

Бейшембиде Испания өкмөтү өлкө Баш мыйзамынын 155-беренеси боюнча, Каталониянын автономиясын токтотуп, түз башкаруу киргизүүгө даярдыгын билдирген. 19-октябрда автономиянын көз карандысыздык мүдөөсүнөн баш тартуусуна борбордук өкмөт берген мөөнөт соңуна чыкты.

Испан өкмөтү Каталония бийлиги мыйзамда каралган милдеттенмелерин аткарбаса, министрлер кабинети керектүү чараларды иштеп чыгып, Сенатка сунуш кыларын эскертти.

1-октябрда Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдум болуп, анда добуш бергендердин 90% Испаниядан бөлүнүп чыгууга добуш берген.

Мадрид референдумду мыйзамсыз деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG