Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:21

Кыргызстан менен Бразилия дипломаттарга визасыз режим киргизди


"Манас" аба майданы
"Манас" аба майданы

Бразилия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык жана расмий кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык режимди жокко чыгаруу боюнча макулдашуу түзүлдү.

Документти бекитүү тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, макулдашууга быйыл 26-апрелде Бишкекте кол коюлган. Аны Жогорку Кеңеш 21-сентябрда кабыл алган.

Келишимге ылайык, анык дипломаттык жана расмий кызматтык паспорттордун ээлери Бразилияга кирүү, чыгуу, транзит менен өтүүдө токсон күндөн ашпаган мөөнөткө виза алуу талаптарынан бошотулат.

XS
SM
MD
LG