Бул тууралуу оор жүк ташыган айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, чек арадан жүргүнчүлөр менен жеңил автоунаалар өткөрүлүп жатат. Бирок бир күндө жүздөй гана оор жүк ташыган автоунаалар кое берилүүдө:
- "Ак-Тилекте" 343 машине турат. Бир сутка ичинде 100дөн ашуун машине кирди. Бүгүн саат 9:00дөн тарта 59 машине кирди. Элди, жеңил машинелерди кое берип атышат. Көйгөй ушул фураларда болуп атат.
Ал эми Чек ара кызматы учурда кыргыз-казак чегиндеги "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде 100дөй киши жана 30 автоунаа топтолуп турганын, Казакстан он мүнөт ичинде 25тей кишини өткөрүп жатканын маалымдады. Мекеме "Ак-Тилек" бекетинде 400гө жакын оор жүк ташуучу машине топтолгонун, бир саатта чек арадан 8 автоунаа өткөрүлүп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, "Чалдыбар" жана "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттеринде эл жана машине топтолгон жок. Казак тараптын өткөрүү режимин тездеткенине үч күн болду деп билдирди Чек ара кызматы.
10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол", "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.
Казак тарап муну Кыргызстандагы шайлоого байланыштырган. Бирок 16-октябрдан тартып, Казакстан өкмөтү чет жактан кирген жүк ташуучуларды текшерүүнү күчөтүп, мыйзам бузгандардын 60% Кыргызстанга таандык жүк ташуучулар экенин билдирген.
Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан. Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып жүгү бар автоунааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен. (NT)