Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

Кыргыз-казак чек арасында 100дөй адам топтолуп турат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө бекетинде 100гө жакын адам турат. Ошондой эле 40тай автоунаа топтолгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арадан 10-15 мүнөттө 20-25 адам жана 10дой машине өткөрүлүп жатат.

Эки өлкө ортосундагы "Ак тилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинде болсо, 420 жүк ташуучу автоунаа чогулуп калганы, казак тарап бир саат аралыгында алты машинени өткөрүп жатканы кабарланды.

Ал эми "Чоң-Капка", "Чалдыбар" бекеттеринде автоунаа жана киши тыгыны жок.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол", "Ак тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Казак тарап муну Кыргызстандагы шайлоого байланыштырган. Бирок 16-октябрдан тартып, Казакстан өкмөтү чет жактан кирген жүк ташуучуларды текшерүүнү күчөтүп, мыйзам бузгандардын 60% Кыргызстанга таандык жүк ташуучулар экенин билдирген.

Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан. Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып жүгү бар автоунааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG