Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Навальный темир тор артында кыргызча сөздөрдү үйрөнгөнүн айтты


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный 20 суткалык камак жазасын өтөп, эркиндикке чыкты. 22-октябрь күнү ал Instagram баракчасына "Салам. Мен чыктым" деп жазды. Навальный темир тор артында кыргызча башка сөздөрдү да үйрөнгөнүн билдирди, бирок кимден кантип үйрөнгөнү тууралуу айткан жок.

Андан ары оппозиционер жактоочуларынын алдында сүйлөө үчүн Астраханга барды. Жекшемби күнү "Дружба" паркында өткөн жыйында сүйлөп жатып, санаалашы Ксения Собчактын президенттик жарышка катышуу ниетин колдой турганын билдиргенин "Дождь" каналы кабарлады.

Октябрдын башында Навальный адамдарды уруксатсыз митингдерге катышууга чакырган деп айыпталып, камалган.

2018-жылы президенттик шайлоодо ат салышууну көздөгөн 41 жаштагы Навальный "иштөөгө даяр" экенин белгиледи. Бирок Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы ал каржылык кылмыштарга айыпталганы үчүн шайлоого катыша албай турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG