Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:53

Шаардагы №113 кесиптик лицейде түшүм майрамы бүгүнкү БУУнун күнүнө арналып уюштурулат. Бул тууралуу аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү ашпозчу Данияр Деркембаев ашкана сырлары боюнча мастер-класс өткөрүп, БУУнун тиешелүү башкармалыктарынын өкүлдөрү менен бирге туура тамактануу боюнча кеп-кеңештерди берет.

БУУнун күнү Бишкекте 21-октябрда белгиленген. Анда уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү туруктуу өнүгүү боюнча өз ишмердиги менен тааныштырып, жарандарга ВИЧ боюнча акысыз тесттен өтүү, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча адистердин кеңештерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун күнү 1948-жылдан бери 24-октябрда 200дөн ашуун өлкөдө белгиленип келет. 1945-жылы бул күнү БУУнун уставы күчүнө кирген. Быйыл Кыргызстандын БУУга киргенине 25 жыл болду. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG