Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

“Эхо Москвы” радиосунун журналисти реанимацияда жатат


Татьяна Фельгенгауэр
Татьяна Фельгенгауэр

Орусиянын “Эхо Москвы” радиосунун журналисти Татьяна Фельгенгауэр реанимацияда кома абалында жатат. Бул тууралуу радионун башкы редактору Алексей Венедиктов билдирди.

23-октябрда эртең менен “Эхо Москвы” радиосунун редакциясына белгисиз киши күзөтчүнүн бетинде газ чачып кирип кеткени видеого түшүп калган. Ал журналист Татьяна Фельгенгауэрдин моюнуна бычак сайгандан кийин күзөтчүлөр тарабынан кармалган.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган. Дарыгерлер анын абалы оор, бирок өмүрүнө коркунуч жок деп билдиришти. Орусиянын Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Кол салган адам 48 жаштагы Израилде жашап келген Борис Гриц экени айтылууда.

Европа Кеңешинин баш катчысы Турбьорн Ягланд журналистке кол салууну айыптап, ага жана "Эхо Москвы" радиосунун кызматкерлерине тилектештигин билдирди. Орус бийлигин кол салууну токтоосуз иликтеп чыгууга чакырды.

XS
SM
MD
LG