Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Чүйдө үч милиционердин үстүнөн кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Башкы прокуратура Чүйдун Аламүдүн районунда иштеген үч участкалык инспекторго кылмыш ишин козгоду. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар күнөөсүз жаранды мыйзамсыз кармаган деп шектелүүдө. Иликтөө Кылмыш кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" деген 305-беренеси боюнча жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, милиционерлер жергиликтүү тургундун арызынын негизинде быйыл 7-сентябрда "Таш-Дөбө" милиция бөлүмүнө кылмышка шектелген жаранды алып келишкен. Бирок арыз 8-сентябрда катталган. Кармалган жаран кыйноого алынганы соттук-медициналык экспертизанын тыянагында көрсөтүлгөн. Анын баш мээси чайкалып, мурду сынган жана денесине ар түрдүү зыян тийген.

Кылмыш иши УКМКга өтөрүлүп берилди.

Кыргызстанда милиционерлер кылмышка шектелгендерди кыйноого аларын жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар айтып келишет. Расмий маалымат боюнча 2016-жылы 120 милиция кызматкеринин үстүнөн 48 кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG