Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Парламенттин басма сөз кызматы КТРК башчысынын сынына жооп берди


Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун депутаттардын дарегине айткан сыны орунсуз деген өңүттө жооп кайтарды.

Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасына 23-октябрда парламентте социалдык маселелер боюнча жыйынга катышканын, ал жерге өзү менен кошо 40тан ашуун аткаминер чакырылганын, бирок негизги суроо-жооп үчөөнө гана таандык болгонун айтып билдирүү жазган.

Ал эки сааттык жыйын учурунда бюджет жок дегенде 13 миң сомдук зыянга учурганын белгилеген. Бул пикирин ал мамлекеттик кызматкерлердин эки сааттык ишинин төлөмү менен эсептеген. КТРК башчысы мындай жыйындарга керектүү адамдарды гана чакыруу максатка ылайык болорун кошумчалаган.

Ибраим Нуракун уулу жогорудагы сынга 24-октябрда Фейсбук аркылуу жооп кайтарды.

"Тиешелүү комитеттер мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчисин чакырып, элдин салыгынан чогулган акчанын каякка кетип жатканы тууралуу сурап алууга укуктуу. Мындай учурда чиновниктердин убактыбыз текке кетип жатат дегендей пикир айтуусу этикага дагы, мыйзамга дагы туура келбейт" деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Нуракун уулу "КТРК республикалык бюджеттен жылына жүз миллиондогон сом каржы алат. 2017-жылы бул сумма 446 млн 967 миң сомду түзгөн. Коомдук канал өзүнүн милдеттерин так аткарып жатабы? Элдин мүдөөсүнө жараша иштеп жатабы? “Пайдалуу аракеттеринин коэффициенти” кандай? Ушул сындуу суроолорго жооп бергиси келсе Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековду сөзсүз түрдө атайын угууга чакырат" деп кошумчалады.

Эки жетекчинин интернеттеги жазышуусу окурмандардын кызуу талкуусун жаратууда. (SE)

XS
SM
MD
LG