Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Тоңдо Атакан болуштун айкели тургузулду


Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында 22-октябрда Атакан болуштун айкели ачылды. Иш-чарада кыркка жакын боз үй тигилип, көк бөрү оюну жана майрамдык концерт уюштурулду.

Болуштун туугандары жана райакимчиликтин демилгеси менен тургузулган айкелге 600 миң сом сарпталып, демөөрчүлөр жана болуштун урпактары тарабынан каржыланганы айтылды.

Тарыхый маалыматтарга ылайык, Кыдык, Торгой атанын тукумдары 1700-1800-жылдары азыркы Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун аймактарында тогуз болуштукка бөлүнүп жашашкан. Ошол мезгилде бул эки чоң уруунун тукумдары өз алдынча болуштукка бириге алышкан эмес. Кийин Атакан баатыр Кыдык, Торгой уруусундагыларды жыйнап, Тоң өрөөнүнө көчүрүп келип, аларды Бөкөнбай жана Тоң айылдарынын ортосуна жайгаштырган.

Атакан болуш 1841-жылы жарык дүйнөгө келген. 35 жашында болуш макамына ээ болгон. 1885-жылы дүйнөдөн кайткан. (AsM)

XS
SM
MD
LG