Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Штайнмайер: Германия Орусия менен алаканы жакшыртууга кызыкдар


Франк-Вальтер Штайнмайер менен Владимир Путиндин Кремлдеги жолугушуусу. 25-октябрь, 2017-жыл.
Франк-Вальтер Штайнмайер менен Владимир Путиндин Кремлдеги жолугушуусу. 25-октябрь, 2017-жыл.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өз өлкөсүнүн Орусия менен учурдагы мамилесине канааттанбайт. Бул тууралуу ал Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдиргенин "Рейтер" агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Штайнмайер Орусиянын Крымды аннексиялап алганына жана Украина чыгышындагы жаңжалдарга байланышкан пикир келишпестиктерге карабай эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүшү керек деп белгиледи.

Өз кезегинде Путин немис президентинин Орусияга сапарынан кийин эки тараптуу байланыштар бекемделет деген ишенимин, Штайнмайер менен Украинанын чыгышындагы абал талкууланганын айтты. Путин Донбасстагы жаңжалды Минск келишимдери менен жөнгө салуу зарылдыгын кошумчалады.

Deutsche Welle басылмасы жазып чыккандай, Германия менен Орусиянын ортосундагы чыңалган мамилелерден улам Штайнмайер Москвага мамлекеттик эмес, жумушчу сапар менен келген.

XS
SM
MD
LG