Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда кол койгону расмий кабарланды.
Алмазбек Курманалиев буга чейин коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалап келген.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Жеңиш Разаков президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. (SE)