Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:53

OCCRP: Путиндин агайындарынын байлыгы 24 млрд долларга барабар


Владимир Путин эс алууда

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Орусия президентинин жакындары тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады. Анда Владимир Путиндин "жакын тегерегиндегилердин" жалпы байлыгы 24 млрд долларга барабар экени айтылат.

Иликтөөчүлөр президенттин "жакын тегереги" деген чөйрөгө анын туугандары, ири бизнесмендер, тагыраагы Николай жана Юрий Шамаловдор, Игорь, Роман жана Михаил Путиндер, ошондой эле Борис жана Аркадий Ротенбергдер, Сергей Ролдугин, Петр Колбин жана Михаил Шеломов киргизилген.

Бул чөйрөдөгү ишкерлер ири, анын ичинде мунай-газ мамлекеттик ишканалары менен байланыштуу экени белгиленет.

Мурдараак OCCRP виолончелист Ролдугин 2 млрд доллар, Колбин 500 млн долларлык мамлекеттик компаниялардын активдерин сатып алышканын жазып чыккан.

Иликтөөчүлөр Путиндин бул "досторунун" коомчулукка анчейин белгилүү болбогонун эске салып, "активдер чынында эле аларга тиешелүүбү же алар болгону ишенимдүү адамдарбы" деп суроо коюуда.

Кремл азырынча иликтөө боюнча үн ката элек.

OCCRP буга чейин да ири каржылык мыйзам бузуулар, уурдоолор, паракорлук тууралуу иликтөөлөрү менен белгилүү болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG