Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Төрөттөн эки жылда 148 эне каза тапты


Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргызстандын үй-бүлөнү пландоо альянсы биргеликте жүргузгөн изилдөөнүн жыйынтыгында 2014-2015-жылдары өлкөдө 148 аял төрөттөн каза тапканы маалым болду.

Аталган уюмдар эки жылдык статистиканы акушер-гинекологдор, анестезиологдордун жардамы менен анализдеп, ар бир өлүмдүн себебин аныктоого аракет жасалды. Ымыркайлардын өлүмү ар бир 100 миң тирүү төрөлгөн наристеге 44 баладан туура келди.

Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын буга чейин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн өлгөн.(BCh)

XS
SM
MD
LG