Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Баткендеги көмүр кенде үч киши иске ууланып каза тапты


Баткен облусу. Сүлүктүдөгү көмүр шахтасы. (Архив).
Баткен облусу. Сүлүктүдөгү көмүр шахтасы. (Архив).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, окуя 26-октябрдын түнү Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүндөгү көмүр кенинде болгон.

Жарандар өз алдынча көмүр казып жүрүп, 90 метр тереңдикте иске ууланып калышкан. Куткаруучулар 47, 45 жана 30 жаштагы үч кишинин сөөгүн чыгарышкан.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, быйыл кендерде адам өлүмү менен коштолгон 20га жакын кырсык катталган. Анын көбү көмүр кендеринде орун алат. Киши өмүрүн алган кырсыктардын көбү негизинен Баткен облусундагы көмүр кендерде болот.

XS
SM
MD
LG