Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Өмүрдү алган көмүр кендери


Баткенде жыл башынан бери көмүр кендериндеги коопсуздук эрежелери так сакталбагандыктан тогуз шахтер каза тапты. Кырсыктардын дээрлик баары Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында катталган.

Баткен облусунда жыл сайын үч жүз миң тоннадан ашык көмүр өндүрүлөт. Бирок техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жана адистердин жетишсиздигинен жер астындагы жумуштар киши өмүрүн алган учурлар көп катталууда.

Жакында тиешелүү мамлекеттик кызматтар 43 шахтаны текшерип, анын айрымдарын талапка жооп бербейт деп тапкан.

Көмүр кендериндеги кырсыктар

Баткенде көмүр казып жаткан учурда каза болгондордун саны жылдан-жылга өсүүдө. 2015-жылы алты адам каза болсо, 2016-жылы сегиз, ал эми быйылкы жылдын сегиз айында эле тогуз киши мерт болгон. Мындай кырсыктар көмүр шахталарындагы техникалык коопсуздук чараларынын сакталбай жатканынан улам дешет адистер.

Баткендеги көмүр кендеринин бири.
Баткендеги көмүр кендеринин бири.

Аны менен бирге иштеп жаткандардын билим деңгээлинин төмөндүгү жана тажрыйбасыздыгы да себеп болууда. Анткени, кара алтындын мекени катары таанымал Сүлүктү шаарындагы көмүр казуучу ишканаларда тажрыйбалуу кадрлар жетишпейт дейт шаар мэри Рахманберди Абдыназаров:

- Лицензияны кимге берип жатышат? Ошол алган адамдардын кен казганга диплому барбы, адистики туура келеби, стажы барбы деп сурашпайт. Азыр каалаган адам алып жатат. Ошонун кесепетинен кырсыктар көп болуп жатат. Жөнөкөй эле нерселерден жаракат алып, кокустук болуп, каза болуп жатышат.

Шахталардын коопсуздугун текшерип турууга атайын кызматтардын укугу да чектелүү. Мыйзамга ылайык, Баткен аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы кендерди бир жылда бир жолу гана текшере алат. Анда да алдын ала текшерүү болорун кабарлап гана бара алышат.

Көмүр кениндеги куткаруучулар.
Көмүр кениндеги куткаруучулар.

Бул мекеменин адистеринин иликтөөсүнөн кийин коопсуздук эрежелери сакталбаган алты көмүр шахтасы жабылды дейт мекеме жетекчиси Жамалидин Эшанкулов:

- Пландуу жана пландан сырткарткы 43 текшерүү жүргүздүк. Ошонун ичинен алты кендин ишмердиги убактылуу токтотулду. Өзгөчө кооптуу жайларда иш жүргүзүү боюнча атайын мыйзамдар, эрежелер, жоболор бар. Ошолорго ылайык келбегендердин ишин токтоттук.

Иске уулангандар көп

Баткен облусунда жалпы 60 көмүр шахтасы болсо, анын баары эле ишмердигин жүргүзүп жатат дегенге болбойт.

Ар кандай себептерден улам көмүр кендеринин тең жарымы иштебей токтоп турат. Кырсыктардын дээрлик баары Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында катталган.

Андыктан бул аймактагы куткаруучуларга да тынымсыз эле жардамга чыгууга туура келет. Көпчүлүк учурда жер астында шахтерлер иске ууланып каза болуп жатат дейт Сүлүктү шаардык тоо-кен кырсыктарындагы куткаруу тобунун командири Асан Мавлянов:

- Истин бир дем алганда эле адамга таасири абага караганда 300 эсе тез болот. Башкача айтканда адамды бат эле ууландырып, күчүнөн тайдырып коёт. Ошондуктан техникалык эрежелер боюнча кенди желдетип туруш керек. ​

Кырсыктарды алдын алуу көмүр шахталарын жабуу менен чечилбейт, абалдан чыгуу үчүн көмүр кендерин иштетүү ыкмаларын, жол-жоболорун үйрөтүү менен адискөй кадрларды даярдоону колго алуу зарыл дешет адистер.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG