Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Сууга чөгүп өлгөндөр көбөйдү


Жыл башынан бери Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондордун саны жүзгө жетти. Мунун жарымынан көбү жайкы эс алуу учуруна туш келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга чөмүлүүдө өтө кылдат болууну тургундарга байма-бай эскертүүдө. Ага карабай жарым жылда ушунча адамдын каза болушун серепчилер трагедия катары мүнөздөп, алдын алуу чараларын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүү керектигин айтышууда.

Аз күн мурдараак Араванда үч жаштагы кыз Чек-Абад каналына агып кеткен. Куткаруучулар менен кошо баланын атасы Эмилбек Маматбаев да издеп жүрүп, наристени чалажан абалда табышкан. Бирок баары кеч болуп калган экен:

- Ары жакта балдар-кыздар ойноп жүрүшкөн. Биз деле кызыбыз ошол жакта эле жүрөт го деп ойлогонбуз. Анан кеч кирип калган кезде мен уйларды алып келип коеюн деп, талаа жакка баскам. Келсем эле аялым “Нагима сиз мененби?” деп калды. “Жок, үйдө жок бекен?” десем эле “Жок экен” дешти. Ошону менен эле издеп жөнөп калдык. Сууга түшүп кеткен окшойт деп, каналды баштан аяк издеп, акыры төмөн жагынан бир жерден кармап алдык. Бирок, тилекке каршы, чарчап калыптыр.

Сууга чөгүп кеткендердин саны соңку бир жарым айдын ичинде кескин көбөйгөн. Алардын басымдуусу күн ысыктан качып көлмөлөргө, каналдарга жана дарыяларга түшкөндөр. Аз күн мурдараак Ысык-Көлдө эс алып жүрүп эки студент чөгүп кетсе, соңку жекшембиде эле Ошто 12 жаштагы бала Ак-Буурадан агып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Авазбек Айтиев сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны жыл башынан бери үрөй учурган деңгээлге жеткенин айтат:

- 2017-жылдын башынан бери 100 адам сууга чөгүп каза болду. Анын ичинен 59у эркек, ону аял, 31и бала. Эгер сезонго алып карай турган болсок булардын 67си сууга түшүү сезонунан бери эле сууга чөгүп өлгөндөр. Мунун баары эле чөмүлүүдөн улам кырсыктаган эмес, арасында автоунаасы сайга кулап кетип, чыга албай калгандары да бар.

Кыргызстандагы дарыялардын бири.
Кыргызстандагы дарыялардын бири.

Айтиевдин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын алуу иш-чараларын буга чейин эле жүргүзүп келаткан. Бирок соңку фактыларга байланыштуу аракеттерин дагы күчөткөн.

- Чөмүлчү көлдөр кайсы аймакка караса, так ошол аймактын бийликтери, ошол жерге куткаруучуларды дайындап, коопсуздук чараларын талап кылып, иш алып барышы керек. Жергиликтүү жетекчилерден жана эс алуучу жайлардын ээлеринен биз ошону талап кылып, катуу эскертүүлөрдү берип жатабыз. Эс алуучу жайдын баарына куткаруучу коюуга биздин кызматкерлер жетишсиз. Бирок ошого карабай эл көп чогулган көлмөлөрдө биз алдын алуу, түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүп жатабыз, - деди ӨКМдин маалымат катчысы Авазбек Айтиев.

Адистер жайкы сезондо ата-энелердин өздөрүн да кылдат болууга чакырып, балдарын көлмөлөргө өз алдынча жөнөтпөөсүн эскертүүдө. Бирок көбү кайдыгер болуп жаткандан улам ар кандай кырсыктар орун алып жатканын Таластын тургундарынын бири Самара Кадырова белгиледи:

- Сууга балдарды жибербеш керек. Жиберсе да өзүң барып, жакшылап көзөмөлдөп турбасаң болбойт. Биздеги суу сактагычта канча бала чөгүп өлдү, ага болбой эле ата-энелер балдарын ээн-эркин, өз алдынча кое берип жатышат. Азыр балдар да башкача бейбаш, үйгө кирип чыгып жатып эле, чөмүлө калам деп кесепетке кабылып жатат.

Талдоочулар өзгөчө жай мезгилинде жарандар балдарынын жана жеке өздөрүнүн коопсуздугуна олуттуу мамиле кылуусу зарылдыгын, бул жаатта түшүндүрүү иштери кенири жургүзүлүшү керектигин белгилейт. Серепчи Адылбек Батыралиев мындай дейт:

- Алты-жети айда жүз кишинин сууга чөгүп каза болушу - бул улуттук трагедия. Эс алуу аяктагыча бул сан дагы көбөйөрүнө бөркүмдөй ишенем. Тынч эле заманда ушинтип адамдар өлүп жатса, каран күн түштү дегени ушул. Кырылып калгыча эми алдын алуу иш-чараларын чукул арада күчөтүү керек. Жол кырсыктарын Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде карагандай эле, муну да мамлекеттик башчылардын деңгээлинде кароо керек. Менин оюмча билим берүү мекемелеринде сууга чөмүлүү боюнча атайын сабак киргизүү зарыл. Илгери союз учурунда бизди мектепте атайын сүзүү боюнча да сабактар өтчү, азыр шарт жок деп ал калып калды. Ошону кайра тез жандантуу керек.

Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку үч жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин өскөн. Былтыр бир жылда 112 адам мерт кетсе, мурдагы жылы 120 киши суунун курмандыгы болгон. Жалпы акыркы алты жылда мындай кырсыктан жалпы сан 500дөн ашык киши мерт болгон.

Кыргызстандагы кооптуу жай катары Чүй дарыясы жана Чоң-Чүй каналы, Нарын менен Жалал-Абадда Нарын дарыясы, Кара-Дарыя, Көк-Арт дарыялары, Таласта Талас дарыясы кооптуу саналат. Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына чөккөндөр көп болсо, Ысык-Көл облусунда көлдүн өзү кооптуу болуп эсептелет. Ошто болсо Ак-Буура дарыясына чөккөндөрдүн саны арбын. Адистер дарыяларга жана каналдарга эмес, бассейндерге түшүүнү сунушташат. Анткени анда куткаруучулар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG