Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

Башкы прокуратура: ураган курулушта эреже бузуулар болгон


Ураган курулуш. 23-октябрь, 2017-жыл.
Ураган курулуш. 23-октябрь, 2017-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын архитектура жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын кызмат адамдарына, "Авангард стиль" жоопкерчилиги чектелген коомунун айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, алар Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалуулук), 221 (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу) боюнча айыпталууда.

Маалыматка караганда, Экотехинспекциянын айыпталып жаткан кызматкерлери "Авангард стиль" компаниясы Бишкектин Аалы Токомбаев жана Сухэ баатыр көчөсүндө куруп жаткан он төрт кабаттуу үйдүн курулушуна көзөмөл жүргүзбөгөнү аныкталган.

- Эреже бузуу менен курулуш иштерин жүргүзүүнүн жана мамлекеттик архитектуралык көзөмөлдүн жоктугунун натыйжасында курулуш урап түшкөн. Окуядан кийин Экотехинспекциянын кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жаап-жашыруу максатында "Авангард стиль" компаниясынын айрым кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 2017-жылдын май-август айларында аткарылган иштер тууралуу жалган документ түзүп, каттатышкан, - деп белгиленген Башкы көзөмөл органынын маалыматында. Кылмыш иши иликтенүүдө.

23-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясы салып жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулаган эле. Андан 12 киши жабыркап, экөө оор абалда реанимацияга түшкөн. Кийинчерээк алардын абалы жакшы экени айтылган.

XS
SM
MD
LG