Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Султан Жумагулов маданият министри кызматына сунушталды


Султан Жумагулов.
Султан Жумагулов.

Журналист Султан Жумагуловдун талапкерлиги маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн Жумагуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде каралып, колдоо тапты.

Мыйзам боюнча министрликке талапкерлерди өкмөт башчы сунуштайт.​

Мурдагы министр Түгөлбай Казаков өткөн аптада өз ыктыяры менен кызматтан кеткени айтылган.​

Султан Жумагулов учурда президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси болуп эмгектенет. Ал Кыргызстандагы белгилүү журналисттердин бири. Эмгек тажрыйбасында совет доорунда "Ленинчил жаш", "Эркин-Тоо" гезиттеринде, кийин "Асаба" гезитинде, "Би-Би-Си" радиосунун кыргыз кызматында кабарчы болуп иштеп, "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесин да жетектеген. ЭлТР жана КТРКда башкы директорлук кызматтарды да аркалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG