"Элдик парламент" деп аталган коомдук кыймылдын камактагы лидери Бекболот Талгарбековдун кайрылуусу "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун сайтына жарыяланды.
Анын кайрылуусунда "Демократия аралчасы" деп аталган Кыргызстанда XXI кылымда тергөө жана сот өткөн доордун 37-жылындагы сталиндик репрессиянын ыкмаларын колдонуп жатканы жазылган.
"Бир гана айырма бизди аткан жок, бирок айрымдарыбызга өлүм жазасына тете өкүм чыгарды. Бизди "мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатат" деп айыптап соттоду, камакка алышкандан кийин улут аралык кастыкты козутуу боюнча кине такты. Бул айыптар негизсиз. "Далилдер" жалган жана ойдон чыгарылган" - деген Талгарбеков өзүнүн күнөөсүз экени боюнча сегиз пунктту келтирген.
Кайрылууда ал мурдагы президент Аскар Акаев менен жолугушуп, жакшы мамиледе экенин моюнга алган, бирок аны менен ымалада болуп, мамлекеттик бийликти кулатмак деп айыптоо чындыкка жатпай турганын кошумчалаган. Укук коргоо органдары ишти бурмалап койгонун белгилеген.
2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жылдан, Александр Гусевге 6, Тойгонбек Калматовго 5 жыл шарттуу түрдө, Марат Султановго 10 жыл жаза мөөнөтүн берген. Баары тең 2016-жылдын май айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Ушундай эле кине менен буга чейин Кыргызстанда төрт оппозиционер соттолгон. Биринчи Май райондук соту 17-апрелдеги өкүмү менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Айыпталгандар шаардык сотко кайрылышкан.
Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет. Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү. (NT)