Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:25

"Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген айып менен камакка алынган жарандар тобуна Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 2-августта өкүм угузулду.

Алардын тарапкерлери "Азаттыкка" билдиргендей, Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга соттолду. Ал эми Александр Гусев менен Тойгонбек Калматовго 2 жыл шарттуу түрдө жаза мөөнөтү чегерилди.

"Элдик парламенттин" мүчөсү, айыпталуучулардын бири Тойгонбек Калматовдун карындашы Жакут Калматова нааразычылыгын мындайча билдирди:

- Мен агама коюлуп жаткан айыптын бирине да кошулбайм. Ал эч качан мамлекеттик бийликти басып алайын деген эмес. Сотто бир да күбө айыптоону бекемдеген жок деп адвокаттар айтып жатышат.

"Элдик парламенттин" өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов өткөн жылы 12-майда "бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган" деген айып менен камакка алынган. Алар "президент Алмазбек Атамбаев бийликтен кетиши керек" деп чыгышкан эле.

"Элдик парламенттин" мүчөлөрү.
"Элдик парламенттин" мүчөлөрү.

2016-жылы 12-майда "Элдик парламент" мүчөлөрү форум өткөрүп, анда президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, кетпесе 17-майда масштабдуу митинг өткөрөрүн, “Элдик парламентти” Орусиядан айрым адамдар колдой турганын айтышкан. Ошол эле күнү интернетте “Элдик парламент” уюмунун лидерлери Төрөбай Колубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов катышкан телефондук сүйлөшүү деген аудиотасма тараган. Ал тасмаларда “мен аларды атам, машинасын өрттөйм, башка вариант жок, өлтүрөм. Орусиядан келе тургандар келди. Баары жайында. Президент 17синде отставкага кетет. Биздин киши премьер-министр болот” деген сөздөр айтылган. Ушул эле күнү кечке жуук бул жарандарды УКМК кармаган. Алар мамлекеттик бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган, коомдук кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн деген шек менен камакка алынышкан.

Кийинчерээк булар менен чогуу "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен Тойгонбек Калматов жана Александр Гусев камалышкан. Алар баары былтыртан бери УКМКнын тергөө абагында отурушат.

Өткөн жылы август айында башталган сот иши дээрлик бир жылдан кийин аяктады. Сот процесстери толугу менен жабык өттү.

"Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген кине менен буга чейин Кыргызстанда Улуттук оппозициялык кыймылдын төрт мүчөсү соттолгон. Биринчи Май райондук соту 17-апрелдеги өкүмү менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

"Бийлик туура эмес жолго түшүп алды"

Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет.

Саясий туткундарды коргоо комитети учурда Кыргызстанда 25 саясий туткун камакта деп маалымдоодо. Аталган комитет буларды бошотуу талабы менен мамлекет жетекчилерине, эл аралык уюмдарга кайрылган. Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев бийлик туура эмес жолго түшүп алды деген пикирде:

- Бир жарым жылдан бери соттор эч нерсени далилдей алышкан жок. Жөн эле күчкө салмай болуп жатат. Максаты - элди алаксытуу жана көз карашы башкача кишилерди тазалоо болуп жатат. Азыркы бийлик жарандар же унчукпашы керек же баш ийкеп туруп берүүгө тийиш деген жолго түшүп алды.

Саясий туткундарды коргоо комитети 18-апрелде Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Евробиримдикти Кыргызстандагы бийлик режимин саясий жана каржылык колдоону токтотууга чакырган.

"Азыр эч кандай куугунтук жок"

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Анвар Артыков соттолуп жаткан оппозиционерлерди саясий куугунтукка кабылды деп айтуу туура эмес деп эсептейт. Депутат мурунку бийликтердин тушундагы оппозициялык саясатчыларга жасалган мамилени эскерди:

- Азыр эч кандай куугунтук жок. Бизди эркин бастырбайт эле. Бакиевдин тушунда ай сайын бирден киши айткан сөзү үчүн катуу жазаланчу. Эми ар бир киши кылган күнөөсүн мойну менен тартышы керек. Сот айыптуу деп таптыбы, демек, айыптуу.

Эл аралык "Фридом Хаус" уюму быйыл апрелде жарыяланган жылдык докладында Кыргызстанды 2011-жылдан бери кайрадан консолидацияланган авторитардык режимдер тобуна киргизген. Баяндамада буга оппозиция, маалымат каражаттарын куугунтуктоо, конституциялык реформа боюнча референдумдагы алешемдиктер негиз берери айтылган. Ал эми кыргыз бийлиги эл аралык уюмдун мындай баасын четке кагып келет.

"Элдик парламенттин" таржымалы

“Элдик парламент” коомдук бирикмесинин атынан билдирүүлөрдү дайыма Бекболот Талгарбеков жасап келген. Байма-бай маалымат жыйын өткөрүп, кайрылган журналисттердин баарына тынбай интервью берип жаткан эле.

Экономика илимдеринин кандидаты, 61 жаштагы Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев менен өткөн кылымдын 80-жылдары академиялык чөйрөдө таанышкандан бери жакшы мамилеси бар экенин, санаалаш болгонун жашырбайт.

Бекболот Талгарбеков.
Бекболот Талгарбеков.

Ал 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин эле Илимдер академиясында иштеп келген. 1991-жылга чейин академияда илим изилдөөчү, кенже илимий кызматкер болуп иштеген.

Талгарбековдун саясий жылдызы Аскар Акаев президент болору менен жанган жана кыска убакыт президенттин аппаратында консультант- эксперт болуп эмгектенген.

Андан кийин 1996-жылга чейин алгач айыл чарба министринин орун басары, андан кийин министр болгон. Кийин бир жыл агрардык саясат боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган. Дагы бир жылдан кийин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп дайындалган. 1999-жылы кайра президенттик администрацияга кеңешчи болуп, бир жыл өтүп-өтпөй Агрардык саясат боюнча бөлүмдү жетектеген. 2002-жылы өкмөттүн аппаратын башкарган.

2005-жылы Аскар Акаевдин бийлиги күч менен кулатылгандан кийин Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта дээрлик көрүнбөй калган. Анын үнү 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин чыга баштаган жана 2011-жылы президенттик шайлоого талапкер Камчыбек Ташиевдин штабында иштеп берген.

Талгарбековдун таскагы былтыр жазда катуураак чыга баштаган. “Элдик парламент "чү" дегенде эле Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кыларын билдирип жаткан.

Ал эми сот өкүмү чыккан Төрөбай Колубаевдин эмгек жолу тууралуу маалымат дээрлик жок. 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында жергиликтүү гезиттердин бирине курган маегинде юридикалык билими барын, белгилүү бир компанияны жетектерин айткан, бирок ишкананын атын атаган эмес.

​47 жаштагы Колубаевдин аты алгач 2010-жылы “Эл биримдиги” партиясынын жаштар канатынын лидери катары аталган. 27-июндагы элдик референдум өтпөй калса, бийлик “Эл биримдигине” өтөт деп жарыялап жиберген жайы да бар. Эки айдан кийин, августта Колубаев баштаган бир топ адамды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Анын укугун Токтайым Үмөталиева коргоп чыккан. Анын айтымында, анда да Колубаевге бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылып, кийин бошогон.

Колубаев К.К - Орусиянын ордени менен сыйланганы тууралуу күбөлүк
Колубаев К.К - Орусиянын ордени менен сыйланганы тууралуу күбөлүк

Колубаев 2011-жылы президенттик шайлоого катышкан. Талапкерлер тууралуу маалыматында убактылуу иштебейт деп көрсөтүлгөн жана бир пайызга жетпеген добуш алган.

“Элдик парламенттин” камакка алынган дагы бир мүчөсү, мурунку судья Марат Султанов 2015-жылы парламенттик шайлоого “Бир Бол” партиясы менен барган жана тизмеде 25-орунда турган.

Марат Султанов 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Кесиби боюнча укук таануучу. Ошол жылы Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда консультант болуп ишке орношкон.

1991-2002-жылдары Ысык-Ата райондук, Аскер сотунда судья жана Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун төрагасы болуп иштеген.

2003-2006-жылдары Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо, башкача айтканда, АРИС уюмунда юрист, аткаруучу директор болуп турган. Андан кийин эле кайра сот тармагына келген. 2006-жылдан 2010-жылга чейин Бишкектеги Биринчи Май райондук, андан кийин Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп турган.

Марат Султанов апрель ыңкылабынан бери сот тармагында иштебейт. 2011-жылы кайра эле АРИСке барган, андан көп өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун аппаратынын башчысы болуп дайындалган, ал кызматта бир жыл турган. Соңку төрт жылда Улуттук банктын юридика башкармалыгын жетектеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG