Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Сегизбаевдин "ыкмасына" сын


Оппозиция тарапкерлеринин пикети.
Оппозиция тарапкерлеринин пикети.

Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин токтоосуз кызматтан кетишин талап кылууда. Коопсуздук мекемеси бул айтылгандар боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин токтоосуз кызматтан кетишин талап кылуу демилгеси Бишкекте 25-январда өткөн оппозициячыл активисттерди коргоону талкууланган жыйында айтылды. Анда "бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакка алынган онго чукул адамдын соту жабык өтүп жатканы туура эмес деп, маселенин саясий өңүтү бардыгы белгиленди. Ошондой эле адам укуктарын бузган жетекчилер кирген “Акунов тизмесин” түзүү сунушу көтөрүлдү.

УКМК бул айтылгандарга комментарий берүүдөн баш тартты. Камактагы оппозициячылардын ишин караган сот буга чейин соттолуучулар "мамлекеттик оор кылмышка" айыпталган деген жүйө менен ачык сот өткөрүү тууралуу өтүнүчтөрдү канааттандырган эмес.

“Камактагы оппозициячыларды коргоо” жана “Сөз эркиндиги” комитеттери, “Элдик курултай” кыймылынын биргелешкен жыйынында бийликке камактагыларга карата кысымды токтотуу жана ачык сот өткөрүү талабы коюлду.

Бишкектеги оппозициячыларды колдоо жыйыны. 25-январь, 2017-жыл.
Бишкектеги оппозициячыларды колдоо жыйыны. 25-январь, 2017-жыл.

Оппозициячыл маанайдагы Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен былтыр май айында камалган. Булардын ичинен өткөн жылы ноябрда Дастан Сарыгулов саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган, калганы УКМКнын тергөө абагында. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө.

Айрым жарандык активисттер саясий негизде камакта отурат дегендердин катарына “террорчулукка көмөктөшкөн” деп айыпталып жаткан экс-депутат Максат Кунакуновду да кошкон. Жыйында мыйзамсыз иштерге жол берип жатат деген негизде УКМК жетекчилигинин токтоосуз кызматтан кетиши талап кылынды.

“Камактагы оппозициячыларды коргоо” комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев:

- Биз жалпы элге кайрылып жатабыз. Кесипкөй сапаттары жок болуп туруп ушул абалга алып келген Улуттук коопсуздук комитеттин жетекчилиги отставкага кетсин. Учурда соттордун, Башкы прокуратура, тергөөнүн өкүлдөрүнөн турган "зондер команда" аркылуу мыйзамды тебелеп, активисттерди, эл алдына чыгам деген адамдарды камап жатат. Биз камактагы кишилер "таза", алардын саясатын колдойбуз деп айткан жокпуз. Бирок жаран катары алардын укуктары бузулуп жаткандыктан, кубаттап чыгып жатабыз.

Сотту ачык өткөрүү талабы УКМК, Башкы прокуратурага жолдонгон. Бирок бул мамлекеттик органдар жооп кайтара элек. Мындан улам жарандык активисттер Кыргызстанда адам укуктарын бузган жетекчилерди “Акунов тизмесине” киргизүүнү чечишти. Тизме 2007-жылдагы нааразылык акцияларында ошол кездеги “Бириккен фронт үчүн” кыймылынын таламын талашып чыккан активист, Нарын шаардык тергөө абагында каза тапкан Бектемир Акуновдун урматына анын ысымы менен аталат.

Акаевдин түбүнө жеткен баягы эле Абдил Сегизбаев. Азыркы тапта баарыбызды каралап жаткан КТРК башчысы Илим Карыпбеков. Мындай адамдар мурунку бийликтердин тушунда деле ушундай иштерди жасап, көнүп калышкан. Бирок эч кандай жоопкерчилик тартышкан эмес.
Адил Турдукулов

​“Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин жетекчиси Адил Турдукуловдун айтымында, азырынча ага УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев, абактагыларга айып таккан прокурорлор, КТРК, ЭлТР жетекчилери киргизилет:

- Улуттук оппозициялык кыймылдын, "Элдик парламенттин" мүчөлөрү да, Максат Кунакунов да чындыгында эч кандай тыңчылык же бийликти басып алууга, мыйзамсыз кетирүүгө умтулган эмес. Аларды бийлик айткан сөздөрү үчүн куугунтуктап жатат. Бул жерде эң башкы маселе - азыркы бийликтин жоопкерчилигинин жоктугу. Ошол куугунтукту ким жүргүзүп жатат? Мисалы, Акаевдин түбүнө жеткен баягы эле Абдил Сегизбаев. Азыркы тапта баарыбызды каралап жаткан КТРК башчысы Илим Карыпбеков. Мындай адамдар мурунку бийликтердин тушунда деле ушундай иштерди жасап, көнүп калышкан. Бирок эч кандай жоопкерчилик тартышкан эмес.

"Укук бузуп жатат" деген аткаминерлердин толук тизмеси башка активисттер да өз сунуштарын бергенден кийин жарыялана турган болду. Бул багытта тиешелүү резолюция кабыл алынды. Документте «жарандар алдында эч кандай жоопкерчиликти сезбеген чиновниктерди тазалоо» зарылдыгы жазылган.

"Куугунтук көнүмүшкө айланууда"

“Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин мүчөсү Равшан Жээнбеков соңку кезде бийликке карата сын айткандарды куугунтукка алуу көндүм адатка айланып калганына токтолуп, мындай көрүнүшкө жабыла каршы турууга үндөдү:

- Бийлик буларды элге үлгү көрсөтүү үчүн, коркутуу үчүн камап, ушулар аркылуу башкалардын башын көтөртпөө аракетин көрүүдө. Мамлекетте жаман прецедент жаратып атышат. Мен Бектур менен Кубанды жакшы билем. Эрнест кийин аралашып калды. Өзгөчө экөө менен чогулуштарды бирге өткөрүп жүргөнбүз. Алар мамлекеттик төңкөрүш жасоого эч кандай аракеттенген эмес. Кыргызстанда соттордун акыйкат чечим чыгарышына элдин 80 пайызы ишенбейбиз дешет. Ошон үчүн ар бир соттун, ар бир иликтөөнүн ачык, адилеттүү болушун коомчулук, саясатчылар, жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары талап кылышыбыз керек. Ушуга окшогон соттордун жабык өтүүсүнөн коркуу зарыл. Анткени, мындай нерсе ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн. Ар бирибизди эртең Атамбаев жана анын тегерегиндегилер болбогон шылтоолор менен камап туруп, жабык сот аркылуу 10-15-жылга соттоп жибериши ыктымал.

Бийликти күч менен басып алууга айыпталып камалган оппозициячылар буга чейин элге, өкмөттүк, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарга кайрылуу жолдоп, бийлик мыйзам бузууларга жол берип жатканы жана өздөрүн саясий жүйө менен камап салганын кайталап келишет. Мындан мурда соттун жабык өтүп жатканын буга далил катары көрсөтүшүп, жараянды ачык кылууну бийликтен талап кылышкан.

Бектур Асановдун карындашы Гүлжан Асанова абактагылардын абалына кайдыгер карабоого коомчулукту чакырды:

- Коррупцияга, арам ишке малынып эмес, бийликтин катачылыгын көзгө сайып көрсөтүп, баштарын сайып отурганы үчүн сыймыктанабыз. Эр жигиттин башында ар кандай иш бар. Акыры чындык жеңет деп ойлойм.

Камактагылардын жакындары буга чейин митингге чыгышып, сотту ачык өткөрүү жана ишти карап жаткан судья Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөө талабын коюшкан. Сот аны канааттандырган эмес. Атайын кызмат болсо тергөө материалдарына эмнеге "жашыруун" деген белги коюлганы тууралуу комментарий берген жок. Ал эми судья өтүнүчтөрдүн четке кагылышын соттолуучулардын "мамлекеттик оор кылмышка" айыпталышы менен байланыштырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG