Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Шайлдабекова: Инаугурация 1-декабрдан кечикпей өтөт


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 15-октябрдагы президенттик шайлоодо көпчүлүк добуш алып, жеңишке жеткен талапкер Сооронбай Жээнбеков кызматка качан киришери тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 1-декабрдан кечикпей өтөт:

- Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алды. Ал үч күн ичинде күчүнө кириши керек. Андан кийин 30 күн ичинде президент кызматына киришип, инаугурациясы болууга тийиш. Инаугурацияда президент ант берет. Биз президенттин күбөлүгүн, штандартын жана төш белгисин беребиз. 2-ноябрдан кечикпей чечимибизди жарыялап, ал күчүнө кирет. Анда инаугурация 1-декабрдан кечипей өтүшү керектиги белгиленет.

Шайлдабекова кошумчалагандай, инаугурациянын так күнү парламент менен кеңешкенден кийин такталат.

Боршайкомдун расмий маалыматына караганда, президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54.22 пайыз добуш менен жеңди. Өмүрбек Бабанов 33.49, Адахан Мадумаров 6.57 пайыз добуш алды. Калганы тиешелүү чекти багындыра алышкан эмес. 12 миң киши "баарына каршы" добуш берип, алар 0.73 пайызды түздү.

15-октябрдагы президенттик шайлоодо он бир талапкер ат салышкан болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG