Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 19:54

Испан соту Каталониянын бийликтен четтетилген лидери Карлес Пучдемон баштаган өкмөттүн 14 мүчөсүн 2-3-ноябрга суракка чакырды. Мадриддеги сот Каталониянын Испаниядан бөлүнүүсүн жактаган бул адамдарга каршы "борбордук бийликке баш ийген эмес" деген айыптарды териштирүүгө киришти. Тиешелүү өтүнүч арызы өлкөнүн Башкы прокуратурасынан түшкөн.

Пучдемон шейшембиде Бельгиядан үн катып, Испания кепилдик бергенде гана Каталонияга кайтып бараарын билдирди.

1-октябрда добуш берүүгө укуктуу каталондуктардын жарымына жакыны Испаниядан бөлүнүп, эгемен өлкө болууну жакташкан. Мадрид ал референдумду мыйзамсыз деп атап, тааныган эмес. 27-октябрда автономияга түз башкаруу киргизип, министрлер кабинетин, парламентти тараткан. 21-октябрда Каталонияда парламенттик шайлоо белгиленген.

XS
SM
MD
LG