Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Трамп "грин картаны" жокко чыгаруу оюн айтты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Дональд Трамп Нью-Йорктогу чабуулга шектүүнү “террорист” атап, анын Кошмо Штаттарына мыйзамдуу келишине жол ачкан “грин карта” виза программасын чукул арада токтотуу боюнча Конгресс менен иштешээрин билдирди.

"Грин карта" же иммиграциялык лотерея 1990-жылдары америкалык сенатор-демократ Чак Шумердин демилгеси менен ишке ашкан. Трамп билдирүүсүнөн мурдараак “Твиттерге” программанын авторун да эске салган болчу.

Ушундан соң Шумер президентти көйгөйдү “саясатташтырып” жатат деп айыптады. “Иммиграция Америка үчүн пайдалуу деп дайыма ишенип келгем жана ишене берем” деп сенатор да “Твиттерге” жазды.

1-ноябрдагы билдирүүсүндө президент иммигранттарды “тыкыр текшерүүнү”, алардын документтерин кабыл алуу учурунда терең маалымат алууну, арыз берген тараптын акыркы он жылдагы сапарлары тууралуу маалымат алуу керектигин тиешелүү кызматтарга тапшырганын да айтты.

31-октябрдагы Нью-Йорктун Манхэттен аймагында сегиз адамдын өмүрүн алып, он бирин жаралаган окуяны бийликтер теракт деп аташууда.

Полиция колго түшүрүлгөн шектүүнү 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов деп атаган. Ал Кошмо Штаттарына 2010-жылы келип, Флорида штатында такси айдачу экен.

Автоунаа менен болушунча көп адамды тебелетүү кылмышы Кошмо Штаттарында биринчи ирет болууда. Теракттын мындай түрү Европада акыркы эки жылда он жолу катталган.

XS
SM
MD
LG