Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:14

БШК: Шайлоо системасында кемчиликтер бар, аларды оңдоо зарыл


Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

БШК шайлоо учурундагы кемчиликтеринен сабак алат. Бул тууралуу Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгы боюнча журналисттер менен өткөн жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун жүрүшүндө маалымдоо, талапкерлердин шайлоо фондунун өлчөмү жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жаатында иш каралып чыгып, кемчиликтер аныкталды жана ошонун негизинде тиешелүү сабак алынмакчы.

Ошондой эле Шайлдабекова samara.kg порталы шайлоо процессине аралашты деген маалыматты комментарийлеп жатып, ал окуя шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасир тийгизиши мүмкүн эмес экенин билдирди. Айтымында, шайлоо жыйынтыгы добуштарды колго саноонун негизинде чыгарылат.

- Менин оюмча, бул кайсы бир штабдардын ойлоп тапкан нерсеси болушу мумкун, - деди төрайым.

Ошондой эле ал жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоону күчөтүү жаатында иштер жүргүзүлүп, мыйзамдар кабыл алынарын белгиледи.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Анда КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков утуп чыкты. Добуш берүү жарандардын биометрикалык каттоосунун негизинде жүргүзүлдү. (BkA)

XS
SM
MD
LG