Кыргызстан бажыдагы кемчиликтерди жоюу сунушуна расмий жооп бере электигин, жооп келбесе Казакстан чек арадагы бажы көзөмөлүн күчөтүүнү уланта берерин "Информбюро" Каржы министрлигине таянып билдирди.
Министрликтин кирешелер комитетинин төрага орун басары Госман Амрин маселени жөндөө үчүн адегенде товарлардын баасы эки тарапка тең бирдей болушу керектигин, салыктарды теңдөө зарылдыгын айтты:
- Биз бардык тараптарга бирдей талап коюудабыз. Бажыда бирге иштөөнү сунуштап жатабыз. Ошондой эле бизге товарлар кайсы баада түшүп жатканы тууралуу маалымат алмашууну сунуштадык. Бир тууган элбиз, көйгөйдү бирге чечүүбүз керек. Эгер алар буга макул болбосо чек арадагы көзөмөл алынбасын ачык айтабыз, - дейт Амрин.
Казак премьер-министри буга чейин Кыргызстан аткезчиликке жол берип, анын айынан Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөр жүз миллиондогон доллар зыян тартты деген. Кыргыз тарап аны четке каккан.
Кыргызстан ошондой эле чек арадагы кырдаалды Дүйнөлүк соода уюмунда карай турган болууда. Чек арадагы текшерүү 10-октябрдан тарта күчөгөн.