Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Апта: ЕАЭБге кеткен "ишеним", Испания Каталонияны тизгиндеди


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

25-октябрда Жогорку Кеңешти бир жарым жыл жетектеген, башкаруучу Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков өз ыктыяры менен кызматын тапшырды. Ушул эле күнү “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастанбек Жумабеков кыргыз парламентинин төрагасы болуп шайланды.

Турсунбеков парламент трибунасында туруп, кызматтан кетип жатканын шайлоодон кийин саясий кырдаалды толук турукташтыруу аракетине байлады. "Эл өзүнүн жаңы президентин шайлап алды. Бирок ал температура толугу менен түшүшү үчүн мен дагы отставкага кетишим туура болот деген чечимге келдим" - деген Турсунбеков төрагалыктан түшүп жатканы менен саясаттан кетпейм деп сөзүн аяктады.

Саясий аналитик Алмаз Акматалиев спикердин күтүүсүз кызматтан кетишинин себебин Турсунбековдун президенттик жарышка аттанып, кийин кайра чегингенинен кө​рө​т. "Ал Кыргызстандын ички-сырткы саясатын аныктап жаткан адамдын жана анын айланасындагы адамдардын ишениминен кеттим деген ойду айтты окшойт" - деп чечмелейт саясат таануучу.

15-июлда башкаруучу партия өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер кылып аттандырган курултайда Турсунбеков шайлоого өз алдынча катышуу ниетин билдирген.

КСДП жетекчилигинин ким партиянын жалпы чечимин кабыл албаса, ал катардан чыгарылат деген эскертүүсүнөн кийин президенттик шайлоого катышпай турганын кайра жарыялаган.

Төраганын билдирүүсүнөн соң башкаруучу коалициядагы депутаттар дароо жаңы спикерди шайлоонун камын көрүүгө киришти.

Коалициялык көпчүлүктөгү “Кыргызстан” фракциясы Дастанбек Жумабековдун талапкерлигин көрсөттү. Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов коалициялаштарын Жумабековдун талапкерлигин колдоп берүүгө үндөдү.

Парламенттеги оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев фракциялашы Исхак Масалиевдин талапкерлигин сунуштаганы көпчүлүккө күтүүсүз болду.

Жалпы жыйындагы жашыруун добуш берүүдө Жумабековду 80, Масалиевди 32 депутат колдоду.

41 жаштагы жаңы шайланган спикер Дастанбек Жумабеков "​Мамлекет үчүн, Кыргызстан эли үчүн, өлкөбүз үчүн таза иштеп бергенге, бардыгыңыздарга тегиз караганга сөзүмдү берем" - деп, жоон топ депутаттардын коштоосунда барып төраганын ордуна отурду.

Турсунбековдун ордуна Жумабеков келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:18 0:00

Саясий аналитик Алмаз Акматалиев коалициялык көпчүлүктүн Жумабековду​ спикерликке жалгыз көрсөтүлүшүн оболу "аймактык принциптен" деп түшүндүрөт. "Бийлик таластык шайлоочулардын 86% Бабановду колдогонуна карабай, биз таластык саясатчыларды колдойбуз" деген принцип менен катар эле "бийликти КСДПдан башка фракцияларга берип жатабыз деген пикирди жайылткысы келип жатат", дейт Акматалиев.

Ал ортодо парламентте кээ бир фракциялар ичинде араздашуу башталганы ачыкка чыкты. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы 25-октябрда кечке жуук кезексиз жыйынга чогулуп үч депутатты - Камчыбек Жолдошбаевди, Тазабек Икрамовду жана Алмаз Жутановду фракциядан чыгарды.

Икрамов фракцияда Бакыт Төрөбаевдин “лидердик иштерине ичи чыкпаган адамдар” бардыгын бышыктап, бирок “бизде фракция лидерин алмаштырайын деген ой жок болчу” деди. Ошондой эле депутат фракциядан чыгып калганын “мыйзамсыз” деп баалады.

"Өнүгүү-Прогресс" үч депутатын катарынан чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Өмүрбек Бабанов жетектеген "Республика-Ата-Журт" фракциясында да лидер алмаштыруу маселеси көтөрүлүп жатат деген маалымат чыкканы менен тастыкталган жок.

Көз карандысыз эксперт, журналист Турат Акимов фракциялардын ичиндеги ажырым "жеке кызыкчылыгын эле көздөп, парламентке ким чакырса ошолорго кошулуп, депутат болгондордун" айынан чыгып жатат деген пикирде. "Булар бир идеянын негизинде эмес, жөн гана убактылуу кошулгандар. Эртең парламенттин ичинде чыр чыкса, бир фракциядан экинчисине качып кетет, шайлоого келгенде башка бир фракцияга кетип кала берет" - деген Акимов мындай кө​рүнүштү Кыргызстандын саясий айдыңындагы кө​нүмүш окуя катары белгилейт.

Апта ичинде аткаруу бийлигинде дагы жаңылануу болуп, өкмөттүн Талас облусундагы атайын өкүлү Дайыр Кенекеев вице-премьер-министрликке дайындалды. 25-декбарда Жогорку Кеӊеш анын талапкерлигин жактырды.

Бишкек - Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

24-25-октябрда Ереванда өткөн Евразия биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешмесинде Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери Сапар Исаков менен Бахытжан Сагинтаев жолугушту. Кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча жол картанын долбоорун талкуулашып, бирок орток пикирге келе алышкан жок.

Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Астананын "жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт" деп айтканын Ереванда туруп журналисттерге билдирди.

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартты.

"Биз мындан аркы иштерди Евразия экономикалык биримдигинин, эки тараптуу кеңешмелердин алкагында жүргүзөбүз" деген министр Казакстан мындай чечимин Кыргызстандын чек арасындагы аткезчилик менен байланыштырганын айтты.

Жол карта түзүү тууралуу 18-октябрда эки өлкөнүн премьер-министрлери Астанада жолугушканда макулдашылган. 48 пункттан турган документке кол коюлса чек арадагы ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү жөнгө салып, казак тарап киргизген транспорттук бөгөттү алып салууга жол ачылмак.

Еревандагы жыйынга төрагалык кылган Сапар Исаков союздаш өкмөттөргө кайрылып, чек арадагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү ЕАЭБдин шарттарына каршы келээрине токтолду. Уюмдун алкагында "укуктук-келишимдик базабыз бизге чек арада биздин товарлар жүктөлгөн автоунаалар токтотулуп, туруп калбаш керек деп айтууга толук негиз берет" деп баса белгилеген Исаков түзүлгөн кырдаал "өнөктөштүк боюнча келишимдерге канчалык туура келет?" - деп суроо койду.

Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев кыргыз бийлигин бажыдагы аткезчиликти көзөмөлгө албайт деп айыптады. Кыргызстан Кытайдан кирген импорттун көлөмүн атайылап кыскартып жатат деп сындап, далил катары эки өлкөнүн статистикасындагы айырмачылыкты келтирди:

- Кытайдын тышкы экспорт боюнча статистикасынын маалыматтарына ылайык, 2015-жылы Кыргызстанга экспорттун көлөмү 4,3 млрд долларды түзгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы экспорт боюнча статистикасында бул сан бир млрд доллар деп көрсөтүлгөн. Ортодогу айырмачылык 3,3 млрд долларды түзөт. Ал эми 2016-жылы болсо айырмачылык 4,1 млрд доллар болду.

Ак ордонун эсебинде, Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстандагы аткезчиликтин айынан 1,8 млрд доллар жоготкон. Анын ичинен Казакстан 212 млн долларга жакын зыян тарткан.

Сагинтаев чек арадагы көзөмөлдүн күчөшү аткезчиликти азайтуудан башка максатты көздөбөйт деп, коңшу эки өлкөнүн ортосундагы жагдайды Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрүнө түшүндүрдү.

Кыргыз-казак премьерлеринин кайчы пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:43 0:00

Кыргызстандын экономика министри Новиков эсепке алынбай калган импорт маселеси Евразия экономикалык биримдигине кирген бардык мамлекеттерде бардыгын белгилейт. Маселен, «2015-жылдын жыйынтыгы менен Кытай Казакстанга импорттун көлөмүн 8,5 млрд доллар деп көрсөтсө, Казакстан аны 5 млрд доллардын айланасында көрсөткөн».

Астананын аткезчилик боюнча аргументин “статистикалык оюн” деп баалагандардын бири, мурдагы вице-премьер Олег Панкратов "Евразия экономикалык биримдигинин аймагына көмүскө жол менен товарлар Казакстан аркылуу кирери белгилү​ү"​ дейт.

27-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте жаңы дайындалган элчилерди кабыл алып жатып сүйлөгөн сөзүндө Евразия экономикалык биримдигине ишенүүгө болбой калганын айтты.​ "Акыркы кырдаал бизге экономикалык өнүгүүдө өзүбүздү алдап, ЕАЭБге өтө эле ишене бербешибиз керектигин далилдеп жатат. Себеби, бир адамга көз каранды болгон союз эч качан ишенимдүү болбойт" - деди Атамбаев.

Атамбаев ЕАЭБны сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

Кыргыз өкмөтүнө башка кошуна өлкөлөр менен товар алмашуунун жолдорун сүйлөшүүгө тапшырма берилгени кабарланды.

Экономикалык биримдикке кирген эки коңшунун ушул таптагы мамилесине Беларустан абай салган эксперт Валерий Карбалевич Астананын дооматын саясий чечим деп сыпаттайт. "​Казакстандын азыркы экономикалык чечими Кыргызстанды буга чейинки кандайдыр бир “күнөөсү” үчүн жазалоо болуп жатпайбы. Аткезчилик деген шылтоону таап чыгышты. Эмне буга чейин аткезчилик бар экенин билишкен жок беле?" - деп суроо берет минскилик эксперт.

10-октябрдан бери казак-кыргыз жана орус-казак чек араларында Кыргызстанга келе жаткан жана сыртка чыгып бараткан жүздөгөн жүк ташыган машиналар жумалап кезек күтүп жатат. Экономика министрлиги ар бир фуранын бир күндүк чыгымы 100 долларга барабар экенин билдирди.

Кыргызстандан жүктөлгөн өнөр жай, тигүү товарларынан сырткары айыл чарба продукциялары чек арадан өтпөй турса, Казакстан тараптан Кыргызстанга кирчү өсүмдүк майы, көмүр, ун жана ун азыктары сыяктуу тамак-аш кармалып турганы белгилүү.

Өкмөт өлкөдө азык-түлүктүн запасы азырынча жетиштүү экенин айтып, социалдык чыңалууга негиз жоктугун билдирди. Зыян тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт. Кыргыз бийлиги чек арадагы абалды Евразия экономикалык биримдиги жана Дүйнөлүк соода уюмунун кийлигишүүсү менен жөнгө салууга ниеттенип турат.

Мадрид Каталонияны түз башкарат

27-октябрдын кечинде Каталониянын парламенти көз карандылык декларациясын кабыл алды. 70 депутат колдоп добуш берсе, 10у каршы чыккан. Оппозициялык депутаттар добуш берүүгө катышкан эмес.

Жактырылган жободо эми автономиянын өз мыйзам долбоорлорун жазуу жана Испания менен кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган.

Испаниядан бөлүнгөндү жактагандардын майрамы Барселонанын көчөсүндө түнкү бир оокумга чейин уланды. Миңдеген адамдар каталон парламентинин алдына топтолду.

Аны менен катар эле Испаниянын биримдигин колдогондор дагы улуттук желектерди көтөрүп көчөгө чыгышты. Алар жикчил саясат өлкөнү кризиске сүйрөп баратканына тынчсызданууда.

Каталон парламенти автономиянын көз карансыздыгын колдогон соң Мадрид дароо чечкиндүү кадамдарга барды. Борбордук бийлик аймакты автономия макамынан ажыратты. Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталониянын парламенти жана өкмөтү таратылганын жума күнү кечинде жарыялап, 21-декабрга шайлоону белгиледи. "Кечээ Женералитаттын укук талаасына кайтып, шайлоо жарыялоого мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок аны каалашкан жок. Андыктан Испаниянын өкмөтү мыйзамдуулукту калыбына келтирүү үчүн чара көрөт" - деди премьер Рахой.

Премьер-министри Мариано Рахой суроолорго жооп берүүдө.
Премьер-министри Мариано Рахой суроолорго жооп берүүдө.

Аймакка испан өкмөтүнүн вице-премьери Сорайя Сеанс де Сантамария жаңы жетекчи болуп дайындалды.

Мадриддин чечими менен каталон өкмөтү толук курамы менен, көптөгөн расмий кызматкерлер, Каталониянын полиция башчысы Жузеп Луис Траперо кызматтан алынды.

Каталониянын бийликтен четтетилген лидери Карлес Пучдемон жактоочуларын Мадриддин түз башкаруусуна каршы демокртиялык күрөшкө үндөдү.

“Биздин жетишкендиктерди коргоонун эң ылайыктуу жолу – 155-беренедеги демократиялык оппозиция” деген жикчил жетекчи “эркин өлкө курууну” улантууга убада берди.

Карлес Пучдемон.
Карлес Пучдемон.

Конституциянын 155-беренеси Испаниянын автоном аймактарында кризис пайда болсо улуттук өкмөткө түз башкарууга жол ачат.

Өткөн аптада Пучдемон каталондуктар Мадриддин башкаруусуна караманча каршы экенин билдирип, испан өкмөтүнүн чечимин Каталония элининин "суверендүүлүгүнө олуттуу кол салуу" деп атаган.

Каталон парламентинин лидери Карме Форкадел Испаниянын өкмөтү "мамлекеттик төңкөрүшкө" аракеттенип жатканын айтып, автономиянын мыйзам чыгаруу органынын жана 135 депутаттын ыйгарым укуктарын коргоого даярдыгын билдирген. Мадриддин чечимин "Евробиримдикке мүчө мамлекеттин ичиндеги авторитардык төңкөрүш" деп баалаган.

Каталонияда Испаниядан бөлүнүү боюнча референдум 1-октябрда өтүп, анда добуш берүүлөргө катышкандардын 90% ашууну аймактын көз карандысыздыгын колдогон. Жергиликтүү бийлик жалпы элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 43% катышты деп билдирген.

Талаштуу референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогону менен, Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган. Референдумга каршы көз карашын Евробиримдик да айткан.

Ошол эле маалда каталониялыктардын көбү добуш берүүнү бойкоттошкон. Сырттан бир да өлкө автономиянын эгемендик мүдөөсүнө колдоо көргөзгөн эмес.

Барселонадагы "Биримдик үчүн!" маршынын катышуучулары Испаниянын жана Каталониянын байрактарын көтөрүп баратышат. 29-октябрь, 2017
Барселонадагы "Биримдик үчүн!" маршынын катышуучулары Испаниянын жана Каталониянын байрактарын көтөрүп баратышат. 29-октябрь, 2017

Кийинки аптада Испаниянын Башкы прокуратурасы Карлес Пучдемон жана аймактын башка кызмат адамдарына "көтөрүлүш уюштуруу" боюнча айып тагары тууралуу маалымат тарады. Испания падышалыгынын мыйзамы боюнча мындай айыпка жыгылган адам 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Каталониянын көз карансыздык декларациясын жарыялаганы маалым болгондон кийин эл аралык коомчулук Испаниянын бүтүндүгүн колдогон билдирүүлөр менен чыга баштады.

Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер "Евробиримдик 95 өлкөдөн турушу мүмкүн эмес" десе, Франциянын президенти Эммануэл Макрон испан премьери Рахойду толук колдоорун айтты.

Германия каталон парламентинин декларациясын тааныбай турганын белгилеп, Мадрид менен Барселонаны диалогго чакырды. Британия башка Европа өлкөлөрүндөй эле каталон парламентинин бир тараптуу жарыялаган көз карандысыздыгын туура эмес көрдү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Испаниянын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын билдирсе, Киев Мадридди колдоду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG