Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Каталония автономия макамын жоготту


Мадридде өткөн акцияда "Каталония - бул Испания" деген плакатты көтөрүп тургандар. 27-октябрь, 2017-жыл
Мадридде өткөн акцияда "Каталония - бул Испания" деген плакатты көтөрүп тургандар. 27-октябрь, 2017-жыл

Испаниянын өкмөтү Каталонияны автономия макамынан ажыратты.

Бул аймакка жаңы жетекчи болуп Сорайя Сеанс де Сантамария дайындалды. Ал испан өкмөтүндө вице-премьер болуп эмгектенип келген.

Буга чейин Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталониянын парламенти жана өкмөтү таратылганын жарыялаган. Аймакта мөөнөтүнөн мурда шайлоолор 21-декабрга белгиленди.

27-октябрда Каталония автономиясынын парламенти көз карандысыздык декларациясын колдогон. Бул документти автономия парламентиндеги 70 депутат колдоп добуш берген. 10у каршы чыккан.

Бирок оппозициялык депутаттар добуш берүүгө катышкан эмес. “Парламент өкүлдөрү тарабынан көз карандысыздыкты жарыялоо тууралуу резолюцияны 70 киши колдоп, ону каршы болду. Эки добуш жараксыз”,- деген каталон парламентинин спикери Карме Форсадел.

Жободо эми автономиянын өз мыйзам долбоорлорун жазуу жана Испания менен кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган.

Мындан соң Испаниянын борбордук бийлиги дароо парламентти жана өкмөттү таратып, аймакка түз башкаруу киргизилгенин жарыялады. Өкмөттүн мындай аракетине испан парламенти расмий уруксат берип, 214 депутат Каталонияга түз башкаруу киргизүү демилгесин колдоду. Жетөө каршы чыкты.

“Испания олуттуу мамлекет жана улуу эл. Биз бир ууч адамдардын Конституциябызга кол салуу аракетине чыдай албайбыз”- деди Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой.

Кийинки аптада Испаниянын Башкы прокуратурасы Каталониянын аймактык аткаруу бийлигинин башчысы Карлес Пучдемон жана башка кызмат адамдарына көтөрүлүш уюштуруу боюнча айып тагары күтүлүүдө. Испания королдугун мыйзамы боюнча мындай айыптар тагылган адамдар 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Каталония Мадриддин түз башкаруусуна макул эмес

Каталониянын эли Мадриддин автономияны түз башкарууга өткөрүү аракетине макул болбойт. Бул тууралуу Каталониянын аткаруучу бийлигинин башчысы жана жикчил кыймылдын лидери Карлес Пучдемон өткөн аптада билдирди.

Пучдемон Испания өкмөтүнүн максатын жана премьер-министр Мариано Рахойдун чечимин Каталония элининин "суверендүүлүгүнө олуттуу кол салуу" деп атады.

Каталония парламентинин жетекчиси Карме Форкадел Испаниянын өкмөтү мамлекеттик төңкөрүшкө аракеттенип жатканын айтып, автономиянын мыйзам чыгаруу органынын, өзүнүн жана 135 депутаттын ыйгарым укуктарын коргоого даярдыгын билдирген. Мадриддин чечимин "Евробиримдикке мүчө мамлекеттин ичиндеги авторитардык төңкөрүш" деп баалады.

21-октябрда Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Мадрид Каталонияда түз башкаруу ыкмасын киргизип жатканын, аймактык өкмөттүн ыйгарым укуктары толугу менен Испаниянын министрлер кабинетине өтөрүн жарыялаган. Каталония өкмөтү тарап, жаңы шайлоо белгилениши керектигин айткан.

Каталонияда Испаниядан бөлүнүү боюнча референдум 1-октябрда өтүп, анда добуш берүүлөргө катышкандардын 90 пайыздан ашууну аймактын көз карандысыздыгын колдогон. Жергиликтүү бийлик жалпы элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 43 пайызы катышты деп билдирген. Мадрид референдумду мыйзамсыз деп жарыялаган. Еврокомиссия да испан өкмөтүнүн позициясын жактаган.

1-октябрда Каталонияда өткөрүлгөн талаштуу референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогону менен, Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган. Референдумга каршы көз карашын Евробиримдик да айткан.

Ошол эле маалда каталониялыктардын көбү добуш берүүнү бойкоттошкон. Сырттан бир да өлкө автономиянын эгемендик мүдөөсүнө колдоо көргөзгөн эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG