Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Испан прокуратурасы Пучдемонду кармоого уруксат сурады


Карлес Пучдемон
Карлес Пучдемон

Испаниянын прокуратурасы Каталония автономиясынын мурдагы президенти Карлес Пучдемон менен таратылган өкмөттүн дагы төрт мүчөсүн кармоо үчүн европалык ордер берүүнү өтүнүштү.

Эгер ордер берилип кармалса, ал адам 90 күндөн кечиктирилбестен издеген тарапка өткөрүлүп берилиши керек.

Пучдемон учурда Бельгияда жана испан өкмөтү коопсуздугуна кепилдик берсе гана Каталонияга кайтарын билдирген.

2-ноябрдагы Мадриддеги сотко андан тышкары дагы төрт каталондук экс-аткаминер келген эмес. Ал эми сотко барган тогузунун бирөөнөн башкасын камакка алууну, күрөөгө да кое бербөөнү прокуратура өтүнүүдө.

Жалгыз гана мурдагы ишкерлик министри, Каталония парламенти көз карандысыздыкты жарыялай электе кызматынан кеткен Санти Вила 50 миң евро күрөө коюп, тергөө учурунда эркиндикте жүрө турса болору белгиленди.

Сот азырынча алардын баш коргоо чарасын чече элек.

Каталониянын мурдагы жетекчилери козголоң, борбордук бийликке баш ийбөө жана мамлекет мүлкүн ыксыз пайдалануу боюнча айыпталууда. Буга автономиядагылар борбордук өкмөт Конституцияга каршы дегенине карабастан 1-октябрда референдум өткөргөнү негиз. Ал референдумда каталондуктар Испаниядан бөлүнүп, эгемен өлкө болууну жакташкан.

XS
SM
MD
LG