Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Пучдемон Брюсселден үн катты


Каталониянын бийликтен четтетилген лидери Карлес Пучдемон Брюсселдеги маалымат жыйынында, 31-октябрь 2017-жыл.
Каталониянын бийликтен четтетилген лидери Карлес Пучдемон Брюсселдеги маалымат жыйынында, 31-октябрь 2017-жыл.

Каталониянын бийликтен четтетилген лидери Карлес Пучдемон 31-октябрда Брюсселдеги маалымат жыйынында испан өкмөтү кепилдик бергенде гана Каталонияга барарын белгилеп, ага чейин өз ишмердигин Бельгиядан уланта берерин айтты.

Каталониянын Испаниядан бөлүнүүсүн алга сүрөгөн Карлес Пучдемон Брюсселдеги маалымат жыйынында канчалык бекем жана ишенимдүү сүйлөбөсүн анын саясаттагы келечеги азырынча анык эмес.

Бир ай мурда көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен расмий Мадридге талап койгон бул лидер эми өз ишмердигин убактылуу Бельгиядан улантарын ишара кылды.

Ал Бельгиядан саясий башпаанек сурайт деген жоромолдорду четке кагып, испан өкмөтү кепилдик бергенде гана Каталонияга кайтып барарын айтты.

31-октябрда Испаниянын конституциялык соту автономдуу аймактын 27-октябрда кабыл алынган көз карандысыздык декларациясына бөгөт койгон. Каталония парламенти декларацияны жактыргандан бир нече сааттан кийин Испания өкмөтү түз башкаруу киргизип, аймактын парламентин таратып, өкмөттү, анын ичинде аймактын президенти Пучдемонду иштен алган.

Испан прокурорлору борбордук бийликке баш ийбегени үчүн аймактын жетекчилерин жоопко тартууну сунуш кылды. Пучдемон сот адилеттүүлүгүнөн качууга аракеттенбегенин айтып, Каталониядан чыгып кетүү чечими туура болгонун белгиледи:

- Испан өкмөтү каталон полициясын өз көзөмөлүнө өткөрүп, жергиликтүү өкмөттүн мүчөлөрүн жана мени эч кандай коргоого албайлы деп чечишти. Менин коопсуздугума шек келди. Мындай олуттуу учурда биз коомдук карама-каршылыкты козутпайлы деп чечтик. Биз каршылык көрсөтүп, ал жерде кала берген болсок, испан өкмөтү кескин түрдө күч колдонмок. Мен аны каалабайм. Кандай болсо да мен өз мекендештеримди дагы бир зомбулукка кириптер кылгым келбейт.

1-октябрдагы референдумда испан өкмөтүнөн буйрук алган күч органдары добуш берүүгө бөгөт коюу аракетин көргөн. Полициянын шайлоочуларга күч колдонгону өлкө сыртында да сынга кабылган.

Референдумга катышкандардын 90 пайызы көз карандысыздыкты колдогону менен каталон бийлиги дароо эгемендик жарыялабай, испан өкмөтүн диалогго чакырган. Бирок баштан бери эле референдумду мыйзамсыз деп тааныган Испания кескин чараларга барды.

Борбордук бийлик аймакка түз башкаруу киргизгенден кийин регионалдык мөөнөтсүз шайлоону 21-декабрга белгиледи. Карлес Пучдемон Каталонияда кезексиз шайлоо өткөрүүгө макул болгонун айтып, испан өкмөтүнө тынч жол менен каршы турарын белгиледи.

- Мен Каталонияга кандай шартта кайтып баргым келет? Бизге кепилдик керек. Учурда Испания андай кепилдик берген жок. Бул алардын акыйкаттык орнотуу ниетин эмес, өч алуу ниетин көрсөтүп турат, - дейт Пучдемон.

Азырынча испан өкмөтү Пучдемондун соңку сөздөрү боюнча үн ката элек. Ага кепилдик берилеби деген суроо да жоопсуз бойдон турат. Бирок испан өкмөтүнүн жогорку расмий өкүлү Энрик Милло каталон лидеринин шайлоону кабыл алганын оң жышаан деп баалап, бул Каталониянын кадыресе турмушка кайтышына өбөлгө түзөт деп билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG