Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишин тергөөнү баштады. Бул тууралуу атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кылмыш ишти Башкы прокуратурадан УКМК алган, азыр тергеп жатат.
Башкы прокуратура бүгүн Өмүрбек Бабановго жана башка адамдарга Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголгонун жарыялаган.
Башкы көзөмөл органы Бабанов менен кошо дагы кайсы адамдарга иш козголгонун кабарлаган жок. Укук коргоо органдары Бабановдун кайсы жерде экени жана кармалдыбы, жокпу деген маалыматтарды да ачык айтышпады.
Ал эми депутаттын өзү жана "Республика" партиясы азырынча бул маалыматка комментарий бере элек. (NT)