Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Бабановдун Орусияда экени кабарланды


Парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин саламаттыгын чыңдап Орусияда жүрөт. Бул тууралуу депутаттын жакын санаалаштары, "Республика" партиясынын өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Алар Бабанов Орусияга качан кеткен жана Кыргызстанга кайтабы же жокпу деген суроолорго жооп айтышкан жок.

Башкы прокуратура бүгүн "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат жана 15-октябрдагы президенттик шайлоодо утулуп калган талапкер Өмүрбек Бабанов менен башка адамдарга да Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-берененин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча иш козголуп, Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилгенин жарыялаган. УКМК тергөө башталганын билдирген.

Бабанов менен кошо дагы кимдерге иш козголгону айтыла элек. Бүгүн депутат билдирүү таратып, өзүнө жалган жалаанын негизинде иш козголгонун маалымдады.

Өмүрбек Бабанов 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ат салышып, жарышта экинчи болуп келген. КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Шайлоодон кийин анын тарапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтышкан. Бирок бийлик муну четке кагып, шайлоо калыс өттү деп билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG