Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:03

Ташкенттеги мечиттер үн күчөткүч менен азан чакыра башташты


Ташкенттеги Минор мечити
Ташкенттеги Минор мечити

Өзбекстандын борбору Ташкентте чоң мечиттерге үн күчөткүч менен азан чакырууга уруксат берилди. "Азаттыктын" өзбек кызматы эми азандын үнүн мечиттен 300-500 метр алыстыктан укса болоорун кабарлады.

Azon.uz сайты Анжиян жана Фергана облустарында да имамдар үн күчөткүч менен азан чакыра баштаганын билдирди.

Өткөн аптада Өзбекстандын муфтияты үн күчөткүч аркылуу азан чакырууга уруксат берүү өтүнүчү менен президент Шавкат Мирзиёевге кайрылганы белгилүү болгон. Президентке жөнөтүлгөн кайрылууда аялдарга хижаб кийүүгө уруксат берүү жана мектептерде дин таануу сабагын уюштуруу өтүнүчү да айтылган.

Өзбекстанда элди намазга чакырууга расмий түрдө тыюу салынган эмес. Бирок мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда жазылбаган чектөөлөр болгон.

XS
SM
MD
LG