Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Орус бизнесмени Мильнер Фейсбукка таасир тийгизбегенин айтты

Юрий Мильнер
Юрий Мильнер

АКШда жашаган орус бизнесмени Юрий Мильнер Кремлге америкалык ири социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөөгө шарт түзүп берүү үчүн Фейсбук жана Твиттерге инвестиция салган деген маалыматтарды четке какты.

Мындан жоромол Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму ачыкка чыгарган "Бейиш барактары" аттуу офшордук документтерде айтылган. Анда Мильнер миллиардер Алишер Усманов да тең төрагалык кылган DST Global I фонду аркылуу 2009-2010-жылдары Фейсбуктун 10% акциясын сатып алганы, аталган фонддун инвесторлорунун бири "Газпромго" баш ийген "Газпром инвестхолдинг" ишканасы экени белгиленген.

Британиялык "Гардиан" басылмасы ачыкка чыккан документтерге таянып, Мильнер 2015-жылы президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнердин Cadre аттуу стартап компаниясына акча салганын кабарлаган.

Орус бизнесмени Мильнер бул инвестициялары коммерциялык гана максатты көздөөрүн өзүнүн ачык катында белгиледи.

5-ноябрда Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму 100дөн ашык дүйнөлүк лидерлер жана саясатчылардын офшордук операцияларын ашкерелеген 13 миллиондон ашык документтерди ачыкка чыгарган. Ал документтер Appleby жана Asia City аттуу эки офшордук компанияга, ошондой эле Багама аралдары, Бермуда сыяктуу 20дай офшордук аймакта ишканаларды каттаган 19 мекемеге таандык.

Ачыкка чыккан маалыматтарда британ ханышасы Елизаветанын 13 миллион доллары офшордо айланып жүргөнү, АКШ соода министри Уилбур Росстун ишканасы орус президенти Владимир Путинге жакын адамдар менен кызматташары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG