Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Кыргыз-казак чек арасында тыгын азайды


Кыргыз-казак чек арасы, "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинин жанындагы машинелер
Кыргыз-казак чек арасы, "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинин жанындагы машинелер

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автоунааларды өткөргөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак Тилек" бекетинде машинелердин тыгыны азайды. Учурда аталган бекетте 40тай фура турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап акыркы үч күндөн бери бул бекет аркылуу автоунааларды өткөрүүнү тездетти:

- Казак тарап акыркы күндөрү машинелерди бат-баттан өткөрүп жиберди. Үчүнчү өлкөгө транзит менен кетип жаткандар жана бош фуралар да топтолуп калган болчу. Бош фураларды казак тарап текшербей эле тез өткөрө турганын айтышкан. Ошолордун баары өтүп кетип, тыгын азайып калды.

Ал эми жүргүнчүлөрдү, автобус, маршруттук таксилерди жана жеңил машинелерди өткөргөн "Ак Жол" (Казакстанда "Кордай") бекетинде ушу тапта киши жана транспорт тыгыны жок. Бирок түштөн кийин абал өзгөрүшү мүмкүн. "Ак Жолдо" кээ бир күндөрү саат 11ден кечки 17.00гө чейин 100-200дөй киши топтолуп өтүп жатат.

Салкын Абдыкариева азыр Таластагы "Чоң Капка" өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу жана жеңил автоунааларды кошкондо жалпы 90дой машине турганын кошумчалады. Панфилов районунун "Чалдыбар" чек ара бекетинде тыгын жок.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, "Ак Тилек" бекетинде эле 500-600гө дейре оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болуп, алардын кезеги 10 чакырымдан ашып кеткен болчу. Астана бул кадамын алгач Кыргызстандагы президенттик шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн.

Казак премьер-министри Бакытжан Сагинтаев чек араны ачуунун беш шартын КМШ өкмөт башчыларынын ноябрдын башында Ташкентте болгон жыйынында жарыялаган. (​NT)

XS
SM
MD
LG